Мунарбек Сейитбек уулу баштаган боксчулар Америкадагы мелдеште 4 алтын медаль утту
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 6 медаль утту. Анын төртөө алтын, бирөө күмүш жана бирөө коло медаль.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеш Американын Колорадо штатынын Пуэбло шаарында өткөн.
Алтын медаль ээлери:
- 50 кг Анвар Ходжиев;
- 55 кг Зафарбек Камилов;
- 60 кг Мунарбек Сейитбек уулу;
- 70 кг Ихтияр Нишанов.
Күмүш медал ээси:
- 70 кг Элдар Турдубаев.
Коло медаль ээси:
- 65 кг Алмаз Орозбеков.
Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
