Кыргызстандык боксчулар Америкадагы эл аралык ачык мелдешке катышат
9 апрель

Кыргызстандык боксчулар Америкадагы эл аралык ачык мелдешке катышат

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Американын Колорадо штатынын Денвер шаарында өтүп жаткан эл аралык окуу-машышуу жыйынына катышууда. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлайт.

Машыгуу 6-12-апрель күндөрү өтөт.

Ал эми ошол эле улуттук курама 15-19-апрель күндөрү Колорадо штатынын Пуэбло шаарында өтө турган эл аралык ачык мелдешке катышат. 

Курама команданын тизмеси:

  • 50 кг Анвар Ходжиев;
  • 55 кг Зафарбек Камилов;
  • 55 кг Санжай Сейдакматов;
  • 60 кг Мунарбек Сейитбек уулу;
  • 65 кг Алмаз Орозбеков;
  • 70 кг Элдар Турдубаев;
  • 70 кг Ихтияр Нишанов;

Данияр Төлөгөн уулу башкы машыктыруучу, Акыйкат Абаев улук машыктыруучу.