Кыргызстандык спортчу универсалдык мушташ боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту
Өзбекстандын Ургенч шаарында өтүп жаткан универсалдык мушташ боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Жеңишбек Мамбетов коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Мелдеш 25-сентябрда башталып, 30-сентябрга чейин уланат. Ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген 500гө жакын спортчу катышууда.
Жеңишбек Мамбетов 80 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, үчүнчү орунду ээледи.
