Өзгөндө жаңы спорт комплекси ачылат
14 август

Өзгөндө жаңы спорт комплекси ачылат

Үстүбүздөгү жылдын 23-август күнү Ош облусунун Өзгөн шаарында Зулпукар Ормонов атындагы жаңы спорттук комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.

Майрамдык иш-чара саат 17:30да башталып, көрүүчүлөргө кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышкан концерт тартууланат. Кеченин негизги бөлүгү – Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасынын 18-турунун алкагындагы «Өзгөн» жана «ОшМУ» командаларынын беттеши болмокчу. Беттештин башталышы саат 20:30га белгиленген.

Бул спорттук жайдын ачылышы – аймактагы спорттук базаны өнүктүрүүдөгү жаңы этаптын башталышын билдирет.

Стадионго кирүү атайын чакыруу кагаздары аркылуу жүргүзүлөт.