Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы CAFA турнирине катышат
29 январь

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы CAFA турнирине катышат

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы CAFA Women’s Futsal Championship 2025 мелдешине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. 

Турнир 7-17 февраль күндөрү Тажикистандын Дүйшөмбү шаарында өтөт.

Аталган мелдеште биздин курама Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан курамалары менен ойномокчу.

Белгилей кетсек, мелдешке ийгиликтүү даярдык көрүү максатында команда 30-январдан, 5-февралга чейин окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.