ИИМдин Академиясынын курсанты Баястан Өмүрзаков Москвада өткөн мелдеште күмүш медалга ээ болду
2025-жылдын 5-августунан 9-августка чейин Москва шаарында (РФ) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн IV Аскердик-спорттук оюндары болуп өттү.
Аталган мелдеште ИИМдин Академиясынын курсанты Баястан Өмүрзаков аскердик кармашып мушташуу боюнча күмүш медалга ээ болду.
Мелдешке машыктыруучу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын дене тарбияга даярдык кафедрасынын улук окутуучусу милициянын подполковниги Сариев Бакытбек Бекболотвич даярдаган.
Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын алкагында уюштурулган. Оюндарга Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн спортчу аскер кызматкерлери катышты.
Алар мушташ өнөрү, самбо, гиря спорту, офицердик жарыш (тапанча менен атуу, сууда сүзүү, чуркоо) жана штаттык куралдан ок атуу боюнча күч сынашты.
