Кышкы Азия оюндары: Бүгүн хоккей боюнча улуттук курам Сингапурдун командасын жеңди
10 февраль

Кышкы Азия оюндары: Бүгүн хоккей боюнча улуттук курам Сингапурдун командасын жеңди

9-февраль Кытай Эл Республикасынын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында хоккей боюнча мелдештердин үчүнчү айлампасы жыйынтыкталды.

Улуттук курам үчүнчү айлампада Сингапурдун командасы менен ойноп 11:2 эсебинде жеңди.

Эске салсак, улуттук курам биринчи айлампада Кувейттин командасын 8:9 эсебинде, экинчи айлампада Бахрейндин командасын 29:0 эсебинде уткан эле.

\Кийинки мелдеште Гонконг курама командасы менен ойнойт. Оюндар 10-февраль күнү Бишкек убакытысы боюнча саат 19:00 дө башталат