Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатынан кайтып келди
Бүгүн, 28-март күнү грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия Чемпионатынан кайтып келди.
Спортчуларды Манас Эл аралык Аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов жана туугандары тосуп алды.
Эске салсак, 67 кг чейинки салмакта Раззак Бейшекеев күмүш медалга 77 кг чейинки салмак категориясында Ырыскелди Максатбек уулу коло медалга ээ болушту.
Улуттук курам башкы машыктыруучу Уран Жузуп уулу, улук машыктыруучулар Азат Бейшебеков жана Атай Замирбековдун (U-23) жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
