Бишкекте кыздар арасында баскетбол боюнча мелдеш өттү
25 декабрь

Бишкекте кыздар арасында баскетбол боюнча мелдеш өттү

Бишкекте “Мектеп лигасы” программасынын алкагында кыздар арасында баскетбол боюнча мелдеш өттү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.

Турнирде шаардын мыкты мектеп командалары чогулуп, жогорку даярдыкты жана спорттук чеберчиликти көрсөтүштү.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:
•1-орун – №110 орто мектептин командасы;
•2-орун – №33 гимназия мектебинин командасы;
•3-орун – №115 орто мектептин командасы;
•4-орун – №67 гимназия мектебинин командасы.

Бул спорттук иш-чара мектеп окуучуларынын арасында баскетболдун өнүгүүсүнө, дени сак жашоо образын жайылтууга жана командалык духту бекемдөөгө маанилүү кадам болду.

Турнирдин жеңүүчүлөрү дипломдор жана медалдар менен сыйланды.