Бишкекте алыш белбоо күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө
Бишкекте “Жаштык Арена” спорт комплексинде күн мурун, 13-апрелде алыш белбоо күрөшү боюнча Азия чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Салтанаттуу ачылыш аземге Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, алыш улуттук белбоо күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортсмендер жана күйөрмандар катышты.
Ачылыш аземде жалпы 15 өлкөдөн келген спортсмендердин парады өтүп, концерттик программа менен коштолду.
Мелдештер классикалык жана эркин стилдер боюнча өткөрүлөт.
- Эркектер 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг чейинки жана 100 кг жогорку салмак категориясында күч сынашат.
- Кыз келиндер; 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг чейинки жана 75 кг жогорку салмак категориясында беттешет.
Чемпионат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жана Дүйнөлүк алыш белбоо күрөшү федерациясы менен биргеликте уюштурулду.
Чемпионат 14-апрелге чейин уланат.
