
Канат Садыков тажикстандык клубу менен келишим түздү
Кыргызстандын жаштар курама командасынын оюнчусу Канат Садыков Тажикстандын «Истаравшан» клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу КРнын Футзал ассоциациясынан кабарлашты.
Клуб Тажикстандын Суперлигасында ойнойт.
Эске салсак, сезондун биринчи бөлүгүн Канат Садыков Кытайдын «TSINGTAO» командасынын курамында өткөргөн.