Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси болду
Айпери Медет кызы Хорватиянын борбору Загреб шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи.
Ал 76 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/8 финалдан баштап, Түркиянын 19 жаштагы (U-23) Европа чемпионун мөөнөтүнөн мурда жеңген.
Ал эми чейрек финалда АКШнын учурдагы Панамерика чемпиону менен килем үстүндө жолугуп, кармаштын аягына 10 секунд калганда жеңишке жетишкен.
Жарым финалда Медет кызы учурдагы Европа чемпиону - украиналык балбан менен беттешип, аны 10:5 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган.
18-сентябрга караган түнү финалдык беттеште кыргызстандык балбан Эквадордон келген Генезис Росангела Валдез менен күч сынашып, 2:4 эсебинде утулуп калды.
Жыйынтыктыгында Айпери Медет кызы 2-орунду камсыздап, күмүш медаль тагынды.
Айпери Медет кызынын бул медалы дүйнө чемпионаттарындагы үчүнчү байгеси болду. 2021-жылы ал коло, 2023-жылы күмүш медаль алган.
