Бишкекте Кыргызстандын Универсиадасы өтөт
Бишкек шаарындагы спорттук базаларда 11-марттан 27-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Универсиадасы өткөрүлөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабаолашты.
Иш-чарага өлкөнүн жогорку окуу жайларынан келген 2500–3000ге жакын студент катышып, спорттун 15 түрү боюнча күч сынашат.
Универсиаданын расмий ачылыш аземи 12-мартта саат 15:00дө Бишкек шаарындагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өтөт.
Мелдештер Жогорку лига жана I лига форматында уюштурулуп, студенттер төмөнкү спорт түрлөрү боюнча таймашат:
1. Волейбол;
2. Баскетбол;
3. Футзал;
4. Ордо;
5. Тогуз коргоол;
6. Шахмат;
7. Жеңил атлетика;
8. Оор атлетика;
9. Эркин күрөш;
10. Грек-рим күрөшү;
11. Самбо;
12. Дзюдо;
13. Бокс;
14. Кыргыз күрөшү;
15. Стол тенниси.
