Азия кубогундагы оюндардан кийин жаштар курамасынын башкы машыктыруучу иштен алынды
21 февраль

Азия кубогундагы оюндардан кийин жаштар курамасынын башкы машыктыруучу иштен алынды

Кыргыз футбол биримдиги Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу Сергий Пучков менен эмгек келишимин токтотту. Бул тууралуу КФБдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-февралда Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде КФБ Техникалык комитетинин жыйыны өттү. 

Анда Сергий Пучковдун команданын Азия Кубогундагы болгон оюну боюнча отчетту угулду. Жыйынга комитеттин мүчөлөрүнөн сырткары өспүрүм, жаштар жана улуттук курамалардын машыктыруучулары катышты.

Дастан Конокбаев төрөгалык кылган Техникалык комитет, адистин отчетун угуп, башкы машыктыруучу менен эмгек келишимин токтотуу маселесин Аткаруучу комитеттин кароосуна жөнөттү. Ал эми, онлайн форматта өткөрүлгөн Аткаруучу комитетинин отурумунда Азия Кубогундагы начар жыйынтыкты эске алуу менен кабыл алынган чечимге ылайык, Сергий Пучков өз кызматынан бошотулду. Башкы машыктыруучу менен бирге машыктыруучулук штабы дагы кызматынан бошотулду.

Белгилесек, бул адис жаштар курамасынын машыктыруучуусу болуп өткөн жылдын декабрь айында дайындалган.