23-майда Каракол шаардык стадионунун ачылышы болот
Ушул жылдын 23-маййында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында толугу менен реконструкциядан өткөн стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Ачылыш азем КР Премьер-Лигасынын 11-турунун алкагындагы «Барс» (Каракол ш.) – «ОшМУ» (Ош ш.) футболдук клубдарынын беттеши менен уланат. Ачылыш азем саат – 18:00до башталып, оюндун старттык ышкырыгы саат 20:00до жаңырат.
Азем белгилүү ата-мекендик алдыңкы эстрада жылдыздардын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.
Кирүү акысыз.
Маалымат үчүн:
Каракол шаарынын Нагима Айтматова көчөсүндө орун алган стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 5,17 гектарды түзөт. Заманбап талаптарга жооп берген стадиондун батыш тарабында жайгашкан трибуналар 3320 көрүүчүгө ылайыкталган. Трибуналарда кийим алмаштыруучу бөлмө, мелдештерди өткөрүү үчүн бир нече функционалдык жана административдик бөлмөлөр, VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү жана калыстар үчүн жана VAR-системасы үчүн бөлмөлөр орун алды. Белгилесек, келечекте бул объекттин чыгыш тарабында трибуналардын курулушу пландалууда.
Стадиондун негизги оюн талаасы гибриддик болуп, аны чуркоо аянтчасы курчап турат. Андан сырткары, футбол аренасына караштуу аймакта жасалма чөптүү эки машыгуу оюн талаасы курулду. Ал эми стадиондун өзү жана анын карамагындагы аянтчалар, жарык берүүчү заманбап шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта өткөрүүгө шарт түздү.
Бул стадион аймактын тургундары жана өзгөчө жаш муундун өкүлдөрү арасында дени-сак жашоо образын жайылтууга шарт түзүп, өлкө чемпионатынын жана эл аралык даражадагы футболдук мелдештерди кабыл алууга ылайыкталды.
Аталган стадион Кыргыз Республикасынын Премьер-Лигасында Каракол шаарынын атынан ойногон «Барс» футболдук клубунун үй аренасы болот.
