Мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпионаты. Кыргызстандын куржунунда 34 медаль, анын жетөө алтын
Бишкектеги “Газпром” спорт комплексинд 1-декабрда мас-рестлинг боюнча VI дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Чемпионаттын жыйынтыгында Кыргызстан курама командасы 34 медаль жеңди. Анын 7 - алтын, 10 - күмүш жана 17 - коло.
Алтын медалдын ээлери:
- Рамиль Карыбаев — 50 кг;
- Айганыш Каналбекова — 60 кг;
- Азиз Асанов — 60 кг;
- Назия Майлибашева — 75 кг;
- Адель Маданбекова — 65 кг;
- Рамина Кочконбаева — 70+ кг;
- Абдель Эсенгулов — 125+ кг.
Күмүш медалдын ээлери:
- Эльза Абдыкадырова — 55 кг;
- Жанарбек Турдушев — 70 кг;
- Байбек Шайыков — 80 кг;
- Русланбек Чыныбек уулу — 90 кг;
- Келдибек Атайбек уулу — 105 кг;
- Улукбек Ырысбаев — 125 кг;
- Дилдора Рахманова — 85+ кг;
- Эхтибархан Сулейманова — 65+ кг;
- Байсал Асанов — 80+ кг;
- Адель Маданбекова — абсолюттук салмак.
Коло медалдын ээлери:
- Ильгиз Абалбеков — 50 кг;
- Айнура Урумова — 50 кг;
- Фатима Абыкенова — 50 кг;
- Алмаз Асанкулов — 60 кг;
- Жасмин Кудабаева — 60 кг;
- Элмира Мидинова — 65 кг;
- Марина Бейшеналиева — 65+ кг;
- Бекжан Өмүралиев — 70 кг;
- Асема Абдырайымова — 70 кг;
- Азема Сооронбекова — 70 кг;
- Санирабига Юсупова — 70+ кг;
- Элдос Айтбаев — 75 кг;
- Элдана Болотбекова — 75 кг;
- Ратбек Басылбеков — 80+ кг;
- Кумарбек Жунусов — 125 кг;
- Элдана Болотбекова — абсолюттук салмак;
- Абдель Эсенгулов — абсолюттук салмак.
Жалпы командалык эсепте Кыргызстан курама командасы 2 орунду ээледи.
