Бишкек шаарынын кикбоксинг боюнча биринчилиги болуп өттү
13 май

Бишкек шаарынын кикбоксинг боюнча биринчилиги болуп өттү

Борбор калаадагы «Газпром – балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында 6-8-май күндөрү өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы Бишкек шаарынын кикбоксинг боюнча биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан Бишкек шаарынын кикбоксинг федерациясы менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чаранын максаты — кикбоксингди жайылтуу, дени сак жашоо образын даңазалоо жана Бишкек шаарынын курама командасын түзүү.

Турнирге борбор калаадагы бардык спорттук клубдар катышты. Жалпысынан 18 клубдан 282 спортчу күч сынашты. Бул биринчилик бешинчи жолу өтүп жатат жана шаардын спорт тармагындагы маанилүү иш чарага айланды.

Жеңүүчүлөр менен байге ээлери медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Мыкты техника көрсөткөн спортчуларга өзүнчө сыйлыктар ыйгарылып, турнирдин мыкты калыстары да белгиленди.