Ошто өлкөдө аналогу жок көп функционалдуу спорт комплекси пайда болушу мүмкүн
8 апрель

Ошто өлкөдө аналогу жок көп функционалдуу спорт комплекси пайда болушу мүмкүн

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 8-апрелде Кытайдан келген «Хунань Дунфэн Синшэн» курулуш компаниясынын жетекчиси Цай Хуалан баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Жолугушууда тараптар Ош шаарында бетон чыгаруучу заводду куруу, турак жайларды жана өлкөдө аналогу жок, көп функционалдуу спорт комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорлордун алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэриясы шаар тургундарынын жыргалчылыгы үчүн сунушталган долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, тыгыз жана жемиштүү өз ара кызматташууга даяр экенин билдирди.