5 июнь
Иорданиялык калыстар тобу Түндүк Корея - Кыргызстан беттешин тейлейт
Бүгүн, 5-июнь күнү 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Эр-Рияд шаарында (Сауд Арабиясы) өтө турган Түндүк Корея беттешин иорданиялык калыстар тобу тейлейт.
ФИФА калысы Махамед Адхам калыстар бригадасын жетектесе, ага каптал сызыктарда Мохаммад Алкалаф жана Ахмад Алроале жардам беришет. Ошондой эле, Ахмед Ал-Али резервдик арбитр болуп дайындалды.
VAR-системасында таиланддык адистер Сивакорн Пу Удом жана Виват Жумпаон иштешет.
