Бүгүн Кыргызстандын Улуттук курама командасы Түндүк Корея курама командасы менен беттешет
Бүгүн, 5-июнь күнү Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында конокто Түндүк Корея курама командасы менен беттешет. Жолугушуу Эр-Рияд шаарынын (Сауд Арабиясы) «Файсал Бин Фахд» атындагы стадионунда 5-июндан 6-июнга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 00:15 дө старт алат. Максим Лисицындын командасы үчүн бул беттеш жооптук болот, анткени командалар 2024-жылдын октябрь айында бул раундда кез келген. Анда өз үйүндөгү болгон беттеште биздин курама 1-0 эсебинде атаандашты жеңген.
Бүгүнкү беттешке күбө болуу үчүн Ак Шумкар командасынын күйөрмандары фан-зона уюштурулат! Күйөрмандарды бириктирген футбол майрамы Ала-Тоо аянтында өтүп, футбол, музыка жана элдик шаң бириккен LEGEND FAN FEST майрамы белгиленет. Анда кыргыз эстрадасынын алдыңкы артисттери: Омар, Freeman 996, Бек Борбиев, DJ Айгерим Назар, Bakr, Бегиш, Баястан, DJ Little Padre, Tamga, Allega жана Easy Leggo сахнага чыгышат. Ошондой эле, күйөрмандарды спорттук жана интерактивдүү оюндар күтөт.
Өткөрүлүүчү жер: Бишкек шаары, Ала-Тоо аянты
Фан-зонанын башталышы: саат 19:00
Оюндун башталышы: түнкү саат 00:15 (6-июнга караган түн)
Кирүү акысыз Иш-чара Кыргыз футбол биримдиги жана Shoro компаниясы тарабынан уюштурулуп, жалпы жарандарды жана шаар меймандарын LEGEND FAN FEST майрамына чакырат. Бул — футболду, маданиятты жана эл биримдигин даңазалаган чоң майрам!
Беттешти түз алып берүүсү УТРК Спорт каналында, ошондой эле КСТВ каналынын кабелдик тармактарында (Мегалайн, Неотелеком, Акнет) көрсөтүлөт.
