Көк бөрү федерациясына жаңы президент шайланды
Бишкекте 3-февралда Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын кезектеги жыйыны өтүп, анын жаңы президенти болуп Акылбек Эшимов шайланды.
Жыйынга 74 делегат катышып, алар федерациянын мурдагы президенти Рамис Жунусалиевдин отчётун угуп, анын өз эрки менен кызматтан кетүү арызын кабыл алышты.
Акылбек Эшимов 2011-2015 жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2015-2022-жылдары Алыш күрөшү боюнча улуттук федерациянын президенти кызматын аркалаган. Ал акыркы жылдары Кара-Суу көк бөрү федерациясын жетектеп келген.
Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Рамис Жунусалиев былтыр декабрда алдамчылыкка шектелип, камакка алынганы кабарланган.
