Бишкектик дзюдочу Ачык Европа Кубогунун чемпиону болду
Бишкек мэриясы
10 март

Бишкектик дзюдочу Ачык Европа Кубогунун чемпиону болду

Спорттук жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Ырысдолотов Мухаммедали 2009–2011-жылы туулган өспүрүмдөр арасында өткөн дзюдо боюнча Ачык Европа Кубогунда алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Эл аралык мелдеш 7–9-март күндөрү Түркиянын Анталия шаарында өттү.

Турнирге 21 өлкөдөн келген спортчулар катышып, жалпысынан 550гө жакын катышуучу катталган.