Бишкекте «Ден соолук» спартакиадасы өтөт
17 январь

Бишкекте «Ден соолук» спартакиадасы өтөт

Бишкекте «Ден соолук» спартакиадасы өтөт, деп билдирет Дене тарбия жана спорт департаменти. 

Спорттук иш-чара 17-январдан 4-февралга чейин жогорку окуу жайлардын спорттук базаларында Бишкек шаарынын жогорку окуу жайлардын жана кесиптик орто окуу жайларынын педагогикалык кызматкерлери арасында өтмөкчү.

Спартакиаданын программасында төмөнкү спорттун түрлөрү бекитилген:

  • Футзал;
  • Стритбол;
  • Тогуз коргоол;
  • Стол теннис;
  • Волейбол;
  • Шахмат;
  • Ордо;

Белгилей кетсек, спартакиада дене тарбия жана спортту жайылтуу, аларды сергек жашоого тартуу максатында өтөт.