Куттуктайбыз! Айпери Медет кызы Азиянын үч жолку чемпиону болду
27 март

Куттуктайбыз! Айпери Медет кызы Азиянын үч жолку чемпиону болду

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту. 

Муну менен спортчу Азиянын үч жолку чемпиону аталды. 

Спортчу 76 кг чейинки салмак категориясында катышты. Алгач чейрек финалдык беттеште Кытайдын балбанын жеңип, жарым финалдык беттеште Түндүк Кореянын балбанын утуп, финалга жолдомо алган.

Финалдык беттеште индиялык балбан Ритика Ритика менен күрөшүп, Айпери акыркы мүнөттөрдө атаандашынан жеңишти илип кетти.