Жалал-Абадда кармаш уруш боюнча ийгилик жараткан спортчулар сыйланды 
17 сентябрь

Жалал-Абадда кармаш уруш боюнча ийгилик жараткан спортчулар сыйланды 

Жалал-Абад шаарынын “Азаттык” аянтында бүгүн, 17-сентябрда кармаш уруш боюнча Дүйнө чемпиондору сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Салтанаттуу сыйлоо иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урмат Самаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов жана өздүк курам катышты.

Калаа мэри жеңиш менен кайткан спортчуларды ийгилиги менен куттуктап, мындан ары да Кыргызстандын желегин бийик көтөрүштөрүнө тилектеш экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, 12-14-сентябрь күндөрү Бишкекте кармаш уруш боюнча Дүйнө кубогу уюштурулуп, 12 өлкөдөн спортчулар катышкан. Анда КРнын ИИМдин АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын атайын операциялар отрядынын кызматкерлери - Толкунбек Эшимбетов 1-орунду ээлеп, алтын медаль, Искак Абдижалил уулу коло медаль тагынган.