Бишкекте One Run эл аралык жарым марафону болуп өттү
Бишкектеги "Газпром" спорт комплексинде 24-майда One Run эл аралык жарым марафону болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине агенттиктин директорунун орун басары Самат Токтоналиев жана One Run эл аралык жарым марафону жетекчиси Елмира Василенкова катышты.
Катышуучулар 21,1 км, 10 км, 5 км жан балдар арасында 1 км аралыкка чуркашты.
Марафон быйыл үчүнчү ирет өтүүдө.
Жалпы Беларусь, Канада, Кытай, Германия, Италия, Казахстан, Корея, Кыргызстан, Нидерланды, Филиппины, Польша, Таджикистан, Оруссия, Танзания, Түркия, Улуу Британия, АКШ, Гана, Туркменистан жана Франция 1000 ден ашык жөө күлүк катталган.
Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агенттиги, Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, “Run the Silk Road” эл аралык марафонунун дирекциясы, жеңил атлетика федерациясы жана «Баатырлар лигасы» тарабынан уюштурулду.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
5 км (кыз-келиндер арасында):
1 место – Жаркынай Тойчубаева 10 000 сом (00:20:55)
2 место – Айдана Бактыбек кызы 6000 сом (00:21.15);
3 место – Арууке Кушчубекова 5000 сом (00:22:57).
5 км (эркектер арасында):
1 место – Арсен Токтосунов 10 000 сом (00:16:17);
2 место – Руслан Минадиров 6000 сом (00:16:29);
3 место – Тимур Кенжеков 5000 сом (00:16:42).
10 км (кыз-келиндер арасында):
1 место – Айым Өзгөрүшова 12 000 сом (00:42:23);
2 место – Элиза Абдиева 9000 сом (00:44:02);
3 место – Айгүл Ашимова 6000 сом (00:44:32);
10 км (эркектер арасында):
1 место – Нурбек Токтогул уулу 12 000 сом (00:34:23);
2 место – Эламан Курманалиев 9000 сом (00:36:17);
3 место – Бактияр Ганиев 6000 сом (00:36:21).
21 км (кыз-келиндер арасында):
1 место – Юлия Калюжная 20 000 сом (01:38:42);
2 место – Полина Ражнова 15 000 сом (01:46:32);
3 место – Дания Садыкова 12 000 сом (01:48:31);
21 км (эркектер арасында):
1 место – Аман Момуналиев 20 000 сом (01:12:02);
2 место – Дастан Марат уулу 15 000 сом (01:12:16);
3 место – Урмат Муратбеков 12 000 сом (01:21:13).м
