Стол тенниси боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды
Бүгүн, 1-майда Кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата эркектер жана кыз-келиндер арасында стол тенниси боюнча өлкө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын өкүлү Бакыт Бейшенбеков жана стол тенниси боюнча ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.
Чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Биринчилик 1-5-май күндөрү өтөт.
