Токмок шаарында 2,5 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадиондун курулушу жүрүүдө 
1 май

Токмок шаарында 2,5 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадиондун курулушу жүрүүдө 

Токмок шаарындагы №8 мектептин аймагында жайгашкан стадиондун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен (КФБ) кабарлашты. 

Стадион 2 миң 508 көрүүчүгө ылайыкталган. Анын трибуналары алдында беттеш өткөрүү үчүн функционалдык бөлмөлөр жайгашат.

Стадиондун оюн талаасы табигый көк майсан чөп капталып, жарык берүүчү шам чырактар менен жабдылат.

Стадиондун курулушу ушул жылы бүткөрүлөт.

Бүгүн, 1-майда КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков стадиондун курулушунун жүрүшүн текшерди. КФБ жетекчиси курулуш иштерин аткарып жаткан уюмдун жана жергиликтүү башкаруу органынын өкүлдөрү менен жолугушуп, курулушка тиешелүү маселелерди талкуулады.