Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Ой айылында бүгүн, 5-январда жаңы спорт залдын ачылышы өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Спорт зал айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү программасынын алкагында курулуп, жергиликтүү жашоочулардын ден соолугун чыңдоого өбөлгө болмокчу.
Спорт залдын курулушуна стимгранттан жана айыл өкмөтүнөн каражат бөлүнүп, жалпы 8 млн 884 миң сом каражат жумшалды.