Дүйнө чемпионаты – 2025: Мээрим Жуманазарова менен Нурзат Нуртаева килемге чыгат
Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын бешинчи күнү кыз-келиндер күрөшү менен уланат.
Бүгүнкү таймаштар 53 кг, 62 кг, 68 кг жана 72 кг салмак категорияларында болот.
Кыргызстандын атынан эки балбан кыз килемге чыгат.
68 кг салмак категориясында Мээрим Жуманазарова. 2021-жылкы дүйнө чемпиону жана Токио-2020 Олимп оюндарынын коло, Париж-2024 Олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси биринчи айлампаны өткөрүп, 1/8 финалдык беттештен күрөшүп баштайт.
72 кг салмакта Нурзат Нуртаева 1/8 финалда Казакстандык спортчу, төрт жолку Азия чемпиону жана дүйнө чемпионаттарынын төрт жолку коло байге ээси Жамиля Бакбергенова менен таймашат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.
