Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри жетектеген делегация Астана шаарында өткөн “Walk the Talk” эл аралык спорттук иш-чарасына катышты
8 апрель

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри жетектеген делегация Астана шаарында өткөн “Walk the Talk” эл аралык спорттук иш-чарасына катышты

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн белгилөөнүн алкагында Казакстандын Астана шаарындагы Ботаникалык бакта дени сак жашоо образын жайылтуу жана саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган масштабдуу «Walk the Talk» эл аралык спорттук акциясы болуп өттү. Иш-чарага Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жетектеген Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы катышты.

Бул акцияга Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европа регионалдык бюросунун директору доктор Ханс Клюге катышты. Биргеликте чуркоо өлкөлөрдүн биримдигинин жана коомдук саламаттыкты чыңдоого багытталган стратегияларды ишке ашырууга болгон өз ара берилгендиктин символу болду.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Э.М. Чечейбаев бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, мындай деди:

«Мындай демилгелерге катышуу мамлекеттер аралык байланышты бекемдеп гана койбостон, жарандардын ден соолугу үчүн жалпы жоопкерчилигибизди да көрсөтөт. Бүгүн биз ден соолук маселеси саясатта да, ар бир жарандын күнүмдүк турмушунда да артыкчылыктуу орунда турушу керектигин дагы бир жолу ырастап жатабыз».

Жолугушуунун жүрүшүндө доктор Ханс Клюге саламаттык сактоо жаатындагы чакырыктарды жеңүү жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн эл аралык деңгээлде күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанисин баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда чуркоого өзгөчө активдүүлүк менен катышкан катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды — алардын энергиясы жана максатка умтулгандыгы башкалар үчүн үлгү болду.

Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясынын Астана шаарына болгон сапары Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн Саламаттык сактоо министрлеринин 5-жыйынына даярдык көрүү алкагында өткөрүлүүдө. Бул жыйында 2025-жылы төрагалык кылуу укугу Казакстан Республикасына таандык.