Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатына катышат
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Иорданияда өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу дүйнөлүк күрөш уюмунун расмиц сайтында маалымдалат.
Азия биринчилигине Кыргызстандын атынан тогуз балбан барат.
Мелдештер 25-30-март күндөрү өтөт.
Кыргызстандын намысын коргой турган балбандар:
- Алмаз Сманбеков (57 кг)
- Бекзат Алмаз уулу (61 кг)
- Тайырбек Жумашбек уулу (65 кг)
- Эрназар Акматалиев (70 кг)
- Орозобек Токтомамбетов (74 кг)
- Арсалан Будажапов (79 кг)
- Мухаммад Абдуллаев (86 кг)
- Бекзат Рахимов (92 кг)
- Каныбек Абдулхаиров (97 кг)
