Бишкекте Мектеп лигасынын волейбол боюнча шаардык этабы өттү
Бишкекте Мектеп лигасынын волейбол боюнча шаардык этабы өтүп, борбордогу баардык райондордон келген мыкты кыздардан жана уландардан түзүлгөн командаларды бириктирди.
Мэриянын маалыматына караганда, мелдешке райондук турнирлердин жыйынтыгы боюнча тандалып алынган 16 улан жана 16 кыздар командасы катышты.
Турнирдин Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурду.
Иш-чаранын негизги максаты – дени сак жашоо образын жайылтуу жана мектеп окуучуларынын спортко болгон кызыгуусун жогорулатуу болуп саналат.
Мелдештин жыйынтыгы:
Уландар арасында:
1-орун – №62 мектеп (Октябрь району);
2-орун – №84 мектеп (Ленин району);
3-орун – №92 мектеп (Ленин району).
Кыздар арасында:
1-орун – №62 мектеп (Октябрь району);
2-орун – №91 мектеп (Октябрь району);
3-орун – №72 мектеп (Ленин району).
Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты. Бул сыйлыктар жаш спортчулар үчүн чоң дем берип, мындан ары да машыгып, жаңы ийгиликтерге умтулууга түрткү болот.
