Бокс боюнча курама команда (U-22) Азия Чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту
Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү (U-22) Шри-Ланканын Коломбо шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 9 медалга (2 алтын, 4 күмүш, 3 коло) ээ болду.
Алтын медалдын ээлери:
- 63.5 кг Омар Ливаза;
- +92 кг Мырзакир Кошалиев.
Күмүш медалдын ээлери:
- 67 кг Алмаз Орозбеков;
- 71 кг Элдар Турдубаев;
- 80 кг Сагын Сатыбалды уулу;
- 86 кг Азим Чойбеков.
Коло медалдын ээлери:
- 54 кг Зафарбек Камилов;
- 57 кг Тургунбек Иманкадыров;
- 75 кг Даниел Абдрахманов;
Курама команда улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
