VAR системасын колдонуу боюнча бул жылдагы алгачкы семинар старт алды
Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде бүгүн, 15-мартта ата-мекендик калыстар үчүн VAR - видео жардам системасын колдонуу боюнча бул жылдагы алгачкы семинар старт алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Семинар үч күнгө созулуп, анын алкагында теориялык сабактардан тышкары, оюн талаасында көргөзмө оюндун негизинде практикалык сабактар орун алып, жалпысынан окуу алты баскычтан турат.
Окутууга 7 калыс жана 10 калыс жардамчысы катышууда.
Семинар Азия футбол конфедерациясынын инструктору, Өзбекстандык адис Валентин Коваленконун жетекчилиги алдында өтөт.
Белгилей кетсек быйылкы футбол сезонунан тарта Кыргыз Премьер Лигасынын VAR системасынын колдонуусу менен өткөн оюндарында ата-мекендик калыстар тейлей башташты.
Учурда жалпы 13 адис VAR калысы, 10 адис калыстын жардамчысы AVAR (видеону кайра карап чыгуу ассистенти) катары жана 4 адис кайталоо оператору (Replay Operator) катары иштөөдө.
Тиешелүү лицензияларга алар былтыр КФБ уюштурган бир катар окутуулардан кийин ээ болушкан.
