Сузак районунда жаңы спорт комплекси ачылды 
20 февраль

Сузак районунда жаңы спорт комплекси ачылды 

Бүгүн, 20-февралда Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Ырыс айылында жаңы спорт комплексинин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты. 

«Акматалы ажы» аталышындагы комплекстин жалпы аянты 0,29 га.

Комплекстин курулушу Жалал Абад облусунун Өнүктүрүү фонду, Сузак райондук Өнүктүрүү фонду, Жергиликтүү Айыл Өкмөтү жана Кыргыз футбол биримдиги, Ырыс айылынынын эли жана жеке ишкерлер тарабынан каржыланды.

Комплекстин курулушу 2020-жылы башталып, 2025-жылдын февралында бүткөрүлдү.

Бул комплекс жергиликтүү жана республикалык эле эмес футзал, волейбол жана башка спорттун түрлөрү боюнча эл аралык ар түрдүү спорттук мелдештерин өткөрүүгө ылайыкталып, анда бир нече функционалдык бөлмөлөр орун алды.