Кыргызстандык күрөшчүлөр Татарстандагы дүйнө биринчилигине катышат
16 июнь

Кыргызстандык күрөшчүлөр Татарстандагы дүйнө биринчилигине катышат

Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Татарстандын Казань шаарында өтө турган III дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет. 

Мелдеш 20-23-июнь күндөрү өтөт.

Курама командаынын тизмеси:

Эркектер арасында:

  • 60 кг Толубай Шүкүров;
  • 66 кг Арлен Эстебесов;
  • 72 кг Назарбек Космосбек уулу;
  • 78 кг Бактияр Кадырбек уулу;
  • 84 кг Мыктыбек Өмүрзак уулу;
  • 90 кг Азизхан Мусабек уулу;
  • 96 кг Амангелди Нурказым уулу;
  • +96 кг Бактияр Мирлан уулу.

Кыз-келиндер арасында:

  • 60 кг Бегай Бейшенаалы кызы;
  • 66 кг Аземи Камчыбекова;
  • +66 кг Айжан Анарбекова.

Курама команда машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.