Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы “Pytlasinski” турниринде 2-орунду ээледи
1 август

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы “Pytlasinski” турниринде 2-орунду ээледи

Польшада (Варшава ш.) өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык “Pytlasinski” турнирине Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы катышып, жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи.

Акыйкат Күлжигит уулу 55 кг, Акыл Сулайманов 60 кг, Жоламан Шаршенбеков 63 кг салмактык категориясында күрөшүп, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Раззак Бейшекеев 67 кг салмак ченинде күрөшүп, күмүш медаль тагынды.

Кыргыз курама командасын бул турнирде башкы машыктыруучу Жузуп уулу Уран жетектеди.