Токтогул, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарларынын стадиондору 2025-жылы колдонууга берилет
12 май

Токтогул, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарларынын стадиондору 2025-жылы колдонууга берилет

КФБнын Башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБ Президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов Кыргызстандын түштүк аймактарына болгон иш сапарынын алкагында учурда курулуп жана реконструкциядан өтүп жаткан бир нече футбол объекттерине баш бакты.

Атап айтканда, Токтогул, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарларынын стадиондорунун курулушун жеринен текшеришти. Аталган стадиондордо Кыргыз футбол биримдиги тарабынан жарыктандыруучу заманбап шам-чырактар орнотулуп, оюн талаасы даярдалат.

Ал эми, Мамлекеттик курулуш агенттиги жана жергиликтүү бийлик тарабынан трибуналар, чатырлар, трибуналар алдындагы бөлмөлөр, чуркоо аянтчалары курулуп, стадиондордун айланасын көрктөндүрүү боюнча иштери жүргүзүлөт.

Токтогул жана Таш-Көмүр шаарларынын стадиондору Улуттук лигада ойногон клубдардын карамагына болуп, алардын үй беттештери жана өспүрүмдөр арасындагы өлкө чемпионаттарынын оюндары өткөрүлөт. Аталган үч объект 2025-жылдын күз айларында колдонууга берилет.