Бишкекте One Run эл аралык жарым марафону өтөт
Бишкекте Т.Усубалиев атындагы аятта 24-май күнү One Run эл аралык жарым марафону өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Катышуучулар 21,1 км, 10 км, 5 км жана балдар арасында 1 чакырым аралыкка чуркашат.
One Run эл аралык жарым марафону быйыл үчүнчү ирет өтүүдө. Жалпы 2000 ден ашык жөө күлүк катышары күтүлүүдө.
Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агенттиги, Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, “Run the Silk Road” эл аралык марафонунун дирекциясы, жеңил атлетика федерациясы жана «Баатырлар лигасы» тарабынан уюштурулууда.
Марафонго катышуу үчүн my.runthesilkroad.com шилтемеси аркылуу катталыңыз
