Пекинде дүйнөдөгү биринчи робот жарым марафону өттү
19 апрель

Пекинде дүйнөдөгү биринчи робот жарым марафону өттү

Пекинде 19-апрелде гуманоид роботтор арасында дүйнөдөгү биринчи жарым марафон өттү. Ага Кытайдын ар кайсы аймактарынан, анын ичинде университеттерден, илимий мекемелерден жана технологиялык компаниялардан 20 команда катышты.

Жеңүүчү деп Пекиндин Гуманоид Робототехника Инновация Борбору иштеп чыккан Tiangong Ultra роботу табылды. Ал 21 чакырым аралыкты 2 саат 40 мүнөттө басып өттү.

Салыштыруу үчүн, былтыр кытайлык Хэ Цзе жарым марафондо 1:03:44 көрсөткүчү менен жеңишке жетишкен. Бирок анын жыйынтыгы эки африкалык жөө күлүктүн жардамы менен жокко чыгарылды.

Роботтор кыймылдардын так координациясын жана туруктуулукту талап кылган асфальт, таш жолдор, чөп жана эңкейиштерде чуркап жүрүштү. Эрежелерге ылайык, катышуучуларга батарейкаларды алмаштырууга жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген, бирок бул алардын жалпы убактысына эсептелмек.