Эржан Кемелов кадеттер арасындагы Азия чемпионатында 37 кг салмак категориясында коло медалга ээ болду
1 август

Эржан Кемелов кадеттер арасындагы Азия чемпионатында 37 кг салмак категориясында коло медалга ээ болду

Малайзиянын Кучинг шаарында кадеттер арасында олимпиадалык таэквондо боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Аталган мелдешке жалпысынан 50 өлкөдөн 800гө жакын спортчу катышты.

Кыргызстандык спортчу Эржан Кемелов мыкты жыйынтык көрсөтүп, юниорлор жана кадеттер арасындагы курама команданын арасынан жалгыз коло медаль уткан спортчу болду.

Эржан Кемелов алгач ирактык спортчуну жеңсе, экинчи беттеште Сауд Аравиясынан келген атаандашын утту. Жарым финалда Казакстандын спортчусу менен таймашып, аз гана айырма менен жеңилип, үчүнчү орунду ээледи.