Кыргызстандык калыстар U-23 Азия кубогунун тандоо оюндарын тейлеп жатышат
5 сентябрь

Кыргызстандык калыстар U-23 Азия кубогунун тандоо оюндарын тейлеп жатышат

Кыргызстандын футбол калыстары Азия футбол конфедерациясынын (АФК) чечими менен 2026-жылкы U-23 Азия кубогунун тандоо оюндарын тейлөөгө дайындалды. Турнир 2025-жылдын 3–9-сентябрында Азиянын бир катар шаарларында өтүп жатат.

АФКнын дайындоосуна ылайык, төмөнкү Кыргызстандык калыстар оюндарды тейлөөдө: 

  • Бернацкая Вероника – ФИФА калысы («В» тобу, Янгон, Мьянма);
  • Цой Рамина – ФИФА калыс жардамчысы («B» тобу, Янгон, Мьянма);
  • Салыбаев Элдияр – ФИФА калыс жардамчысы («А» тобу, Амман, Иордания);
  • Таичиев Медербек – ФИФА калысы («G» тобу, Пномпень, Камбоджа);
  • Талипжанов Исмаилжан – ФИФА калыс жардамчысы («G» тобу, Пномпень, Камбоджа).

Белгилей кетсек, 2026-жылкы U-23 Азия кубогунун тандоо оюндарында 44 курама команда 11 топко бөлүнүп күч сынашууда. Жыйынтыгында мыкты 16 команда финалдык баскычка жолдомо алат. Финалдык этап 2026-жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтөт.