Балдар футбол лигасынын президенти болуп Дастанбек Конокбаев дайындалды
28 январь

Балдар футбол лигасынын президенти болуп Дастанбек Конокбаев дайындалды

Дастанбек Конокбаев КРнын Балдар футбол лигасынын жаңы президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты. 

Дастанбек Конокбаев – Кыргыз футбол биримдигинин вице-президенти жана Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын АФКнын Аткаруучу комитетиндеги өкүлү.

Ал КФБдагы (Буга чейин КРФФ) ишмердүүлүгүн 2004-жылы баштап, эң маанилүү өнүгүү этабында уюмдун жетекчилеринин бири болгон.

Белгилесек, Балдар футбол лигасы – Кыргыз Республикасындагы балдар жана өспүрүмдөр арасындагы футболду өнүктүрүүгө жооптуу уюм.