Футзал боюнча улуттук курама Хорватиядагы эл аралык мелдешке катышат
Ушул жылдын 18–22-июнь күндөрү Хорватиянын Пореч шаарында «Futsal Week June Cup 2025» аттуу эл аралык турнир өтөт.
Бул турнирге Кыргызстандын улуттук курамасы да катышат.
Мелдешке Кыргызстан менен бирге Франция, Нидерланддар жана Черногория командалары катышат. Оюндар айлампа системасында өтөт - ар бир команда бири-бири менен ойнойт, ал эми эң көп упай топтогон команда жеңүүчү болот.
Мындан тышкары, турнир баштала электе, 16-июнь күнү, биздин команда Черногорияга каршы жолдоштук беттеш өткөрөт.
Кыргызстандын курамасы үчүн бул турнир сентябрь айында өтүүчү 2026 Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына даярдыктын бир бөлүгү болот.
