17 январь
Айпери Медет кызы Хорватияда өтчү турнирге катышат
Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Zagreb Open рейтингдик турнири өтөт. Мелдеш 5-9-февраль күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтөт. Бул тууралуу маалымат Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында жарыяланды.
Кыргызстан, Россия, Венгрия, Индия, Литва жана АКШдан 76 кг чейинки салмак ченинде спортчулар катышат.
Кыргызстандын атынан Айпери Медет кызы катышат.
Былтыр бул турнирге 28 өлкөнүн балбандары катышкан.
