КФБ улуттук турнирлердин байге фондун көбөйтүү
Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруучу комитети, өлкөдөгү негизги клубдук мелдештердин байге фондун жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул максатта 2025-жылы 230 миң АКШ доллары бөлүндү.
КФБ эгидасы алдында өткөн негизги футбол турнирлерине сыйлыктарды бөлүштүү тартиби төмөндөгүдөй болот:
Кыргыз Республикасынын Жогорку лига клубдары арасындагы чемпионатынын жалпы байге фонду 150 миң долларды түзөт. Чемпион болгон командага 70 миң доллар, экинчи орунду алган командага 50 миң доллар, ал эми үчүнчү орунга татыган командага 30 миң доллар ыйгарылат.
Кыргыз Республикасынын Кубогу – 50 миң доллар (кубок ээси үчүн).
Кыргыз Республикасынын Суперкубогу – 30 миң доллар (Суперкубок ээси үчүн).
Бул демилге улуттук турнирлердин аброюн көтөрүүгө, атаандаштыкты күчөтүүгө жана футбол клубдарын кошумча шыктандырууга багытталган.
