Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингдеги дебютун ийгиликтүү өткөрдү
21 июль

Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингдеги дебютун ийгиликтүү өткөрдү

Париж олимп оюндарынын күмүш жана дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык бокстогу алгачкы беттешин ийгиликтүү өткөрдү. 

Беттеш Бишкек шаарында Япониянын “SAIKOU LUSH” промоутердик компаниясы тарабынан уюштурулган “Достук кечеси” аттуу бокс боюнча эл аралык иш-чаранын алкагында болуп өттү.

Мунарбек Сейитбек уулунун атаандашы Угандадан келген мушкер Коннрад Серуенге болду. Беттештин жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарды.