ӨКМдин өздүк курамынын арасында футзал боюнча республикалык мелдеш өтүүдө 
20 февраль

ӨКМдин өздүк курамынын арасында футзал боюнча республикалык мелдеш өтүүдө 

Бишкек шаарында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жана Ош шаарындагы ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын базасында бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, аймактык, ведомствого караштуу бөлүктөр арасында футзал боюнча мелдештер өтүүдө. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Иш-чарага Бишкекте жалпы команда 10, Ош шаарында 11 команда күч сынашууда.

Таймаштын жыйынтыгында жеңүүчү командалар атайын сыйлыктарга ээ болушмакчы.

Белгилей кетсек, турнир “23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар” күнүнө карата өткөрүлүп жатат. Максаты ӨКМдин өздүк курамынын ден соолугун чыңдоо, дене тарбиялык өнүгүүсүн арттыруу, спроттун ар кандай түрлөрү менен машыгуусун камсыздоо, кесиптик-прикладдык өнүгүүсүн жана күжүрмөн даярдыгын жогорулату болуп саналат.