Кыргызстандык спортчулар Вьетнамдагы спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынан кайтып келишти
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
29 май

Кыргызстандык спортчулар Вьетнамдагы спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынан кайтып келишти

28-майда Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпионатынан эркин күрөш жана грек-рик күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командалары мекенге кайтып келишти.

Спортчуларды “Ак жол” өткөрүү пунктунан Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Канатбек Молдалиев жана спортсмендердин жакындары тосуп алышты.

Эскерте кетсек, спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты Вьетнамда 23-31-май аралыгында өткөрүлүп жатат.